Мамлекеттик кадр кызматы министрлердин 2015-жылдагы киреше жана чыгашаларын жарыялады. Көпчүлүк министрлер декларациясына унаасы, үйү жана бизнеси жок экенин көрсөтүшкөн.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 1 жылда 734 573 сом 33 тыйын иштеп тапкан. Анда өз үйү, унаасы жана бизнеси бар экенин көрсөткөн эмес. Жакындары 434 940 сом 81 тыйын киреше табышса, 350 000 сом чыгаша кылышкан. 1 Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага ээлик кылышат.
Каржы министри Адылбек Касымалиев 1 000 395 сомго иштеген. Ал дагы эч кандай мүлккө ээлик кылбайт. Жакындары 430 120 сом иштеп табышса, 574, 130 чарчы метр эки жер үлүшүнө, 1 чачтарач (аянты 97,8 чарчы метр), 1 кафетерий (31,9 чарчы метр), 1 үй (216,7 чарчы метр) жана Тойота Прадо, Дайхатсу Териос деген эки унаага ээ экен.
Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Турдуназир Бекбоев 2015-жылы 126 680 сом киреше тапкан (2015-жылдын 5-ноябрынан бери министрлик кызматта). 5 гектар токой чарба жерин ижарага алып иштете турганын көрсөткөн. Жакын туугандарынын 6 сотук жерде үйү, 61 чарчы метрди ээлеген батири, 65, 27,6 чарчы метр эки жер үлүшү жана 5 гектар токой чарба жери бар.
Экономика министри Арзыбек Кожошев да үйү, унаасы, жеке бизнеси жок болгону менен, 718 878,45 сомго иштеген. Жакындары 311 713,1 сомго иштеп, 99,2 чарчы метр батирге, 400 чарчы метр жер үлүшүнө жана 1 унаага ээ (унаасынын үлгүсү көрсөтүлгөн эмес).