"Бир дүйнө–Кыргызстан-2013" фестивалына катыша турган даректүү тасмалар кабыл алына баштады

Ушул жылдын 18-24-сентябрь күндөрү Бишкекте “Бир дүйнө- Кыргызстан-2013” фестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдирди. Жыл сайын өтүүчү бул фестивалга адам укуктары жөнүндө тартылган даректүү тасмалар катышат. Айта кетсек, 1-апрелден тарта катышуучулар үчүн даректүү тасмаларды кабыл алуу башталды. Фестивалга телекомпания, чыгармачылык бирикмелер, көз карандысыз продюсерлер жана башка авторлукка укуктары бар жарандар катыша алышат. Сынакка катышуучу эмгектер мигранттардын, аялдардын, жаштардын, балдардын көйгөйлөрүн чагылдырган тасмалар болушу шарт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан