12-13-апрель күндөрү Нарын шаарында облустар аралык “Жаш таланттар-2013” аттуу сынак өтүп, ага республиканын бардык облустарынан келген жаш таланттар катышат. Сынактын катышуучулары 5 багытта өнөрлөрүн көрсөтүшөт, учурда катышуучулардын саны 300дөн ашты. Бул демилге “Дордой” ассоциациясынын вице-президенти, “Бал таттуу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Гүлмира Мамбеталиева тарабынан көтөрүлгөн. Сынактын жеңүүчүлөрү диплом, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышат.