Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги балдар арасында “Айтматовдун ааламы” аттуу сүрөт сынагын уюштурууда. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өтмөкчү, максаты - балдарды улуу жазуучунун чыгармаларын окуп-билүүгө кызыктыруу болуп саналат. Анда 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар таланттарын көрсөтө алышат. Сүрөттөр 10-апрелден 20-апрелге чейин кабыл алынат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 27-майда КРнын Орусиядагы элчилигинде өтөт. Жаш сүрөтчүлөр материалдарын “Айтматовдун ааламы” балдардын сүрөт сынагы деген белги менен Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү-64 дарегине жөнөтө алышат.