Күндүн энергиясы менен учкан учак Жер шарын айланып, Абу-Дабиге конду

Күндүн энергиясы менен учкан Solar Impulse 2 учагы Жер шарын айланып, Абу-Дабиге конду. Бул тууралуу долбоордун Твиттердеги расмий баракчасына жазылды.

Маалыматка ылайык, учак Швейцарияда жасалган. Анын канаттарынын аралыгы 72,3 метр, салмагы 2,3 тонна. Учакта 17 248 күн батареясы орнотулуп, андан 4 электр мотору иштейт. Анын эң жогорку ылдамдыгы саатына 140 чакырымды түзөт.

Учак сапарын 2015-жылы 9-мартта Абу-Даби шаарынан баштап, 15 өлкөдө болду. Алардын ичинде Оман, Индия, Мьянма, Кытай, Япония жана АКШнын бир нече шаарлары бар экенин "Россия 24" басылмасы жазды.

"Долбоор күндүн энергиясы менен учуучу учактарды жасоо максатын көздөбөйт, анын негизги максаты - дагы башка мүмкүн болгон альтернативдик энергиянын булактарын көрсөтүү", - дешкен уюштуруучулар.

Учакты швейцариялык Бертран Пикар жана Андре Боршберг аттуу эки учкуч кезеги менен башкарышкан.

Жер жүзүн айланууда АКШда учактын күн батареялары күйүп, аларды алмаштырышкан. Ошондой эле Египеттеги сапарында учкуч ооруп, аба ырайы начар болгондуктан, учак Каирден 2 жума кеч учканы белгилүү болду. Уюштуруучулар буга чейин да мындай долбоор Solar Impulse аталышында чыкканын маалымдашып, бул учак анын жакшыртылган варианты экенин кошумчалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан