Нарын облусунун Жумгал районундагы орто мектептер арасында 25-апрелде “Биз Манастын урпактары” аттуу сынак өтөт. Сынак саламдашуу, мекен жөнүндө ырлар, эпостогу каармандар тууралуу баяндама, эпостон үзүндү айтуу жана башка баскычтардан турат. "Манас" эпосун даңазалоо максатында уюштурулуп жаткан бул иш-чара коомдук ишмер Автандил Кулбараков тарабынан уюштурулууда. Жыйынтыгында катышуучуларга баалуу жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат.