Маевка айылындагы дыйкандарга жол жээгинде соода кылууга уруксат берилди

Бишкектин четиндеги Маевка айылындагы дыйкандарга жол жээгинде соода кылууга уруксат берилип, Маевка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат абалын текшерүүгө тапшырма берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда SUPER.KG порталына Маевка айылдык кеңешинин депутаты Манас Аликулов билдирди.

"Митингге чыгып, талаптарды коюп үнүбүздү бийликке жеткирүүгө аракет кылдык. Чындыгында, мыйзам бузуучулук иштер көп болчу. Өкмөттүн аппаратынын Каржы башкармалыгынын башчысы Азиз Аалиев менен жолугуштук. Ал өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, райондук администрациясынын башчысын чакырып, маселени чечүү тапшырмасын берди. Ал эми Башкы прокуратура Маевка айыл өкмөт башчысынын кызматтагы кемчиликтерин, каржылык жактарын текшерүүгө алмай болду. Учурда материалдарды даярдап жатканын айтышты", - деп кошумчалады Аликулов.

Эскерте кетсек, буга чейин Маевка айылынын тургундары "Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиев жерлерди мыйзамсыз сатып жатат. Ал элди бири-бирине тукуруп, ынтымакты кетирип жатат. Айылдагы улуттарды да бири-бирине каршы коюп, жерлерди мыйзамсыз сатууда. 40 жылдан бери жер тилкесин ала албай жаткан адамдар бар" деген нааразычылыктар менен митингге чыгышкан.

Учурда дыйкандар талаада өндүргөн продукциясын жол жээгинде сатуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jooshbai
2016-07-27 16:10:34
krugovoido satywaby emi,probka kylyp joldu
+1
tyrgon
2016-07-28 13:13:22
Кыргыздарга гана уруксат берилсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан