Бүгүн, 14-июлда КРнын Өкмөтүнүн имаратынын алдына Маевка айылынын тургундары жер маселеси боюнча митингге чыгышты. Алар Маевка айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиевдин коррупциялык иштерине өкмөт тарабынан көзөмөл жүргүзүлүшүн жана кызматтан кетишин талап кылышууда.
"40 жылдан бери жер тилкесин ала албай жаткан адамдар бар. Жерди учурдагы Маевка айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Алиев сатып жатат. Ал элди бири-бирине тукуруп, ынтымакты кетирип жатат. Айылдагы улуттарды да бири-бирине каршы коюп, жерлерди мыйзамсыз сатууда", - дейт аталган айылдын тургуну Манас Аликулов.
Ошондой эле митингдин катышуучусу Маевка айылдык кеңешинин төрагасы Марлис Молдокулов буга чейин 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын кошумчалады.
Учурда митингге чыккандарды 10го жакын милиция кызматкери көзөмөлдөп жатат.