Украинада кыргыз киносунун күндөрү өттү

4-5-6-апрелде Украинанын борбору Киев шаарында кыргыз киносунун күндөрү өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бул маданий иш-чарага кыргыз режиссёрлору Т.Океевдин “Балалыктын асманы”, А.Кончаловскийдин “Караш-караш окуясы”, Б.Шамшиевдин “Ак кеме”, Э.Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, А.Жураеванын “Меккеге жол”, М.Мамбетакуновдун “Көч” тасмалары көрсөтүлдү. Кино күндөрүнө Украина кинематографисттери, шаар тургундары жана Украинадагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышты.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_media
2013-04-10 10:47:57
BEKTUR AZHO,
Ката түзөтүлдү. Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан