4-6-апрелде Башкортостандын Нефтекам шаарында “Дуслук моно 2013” аталышта башкыр жана татар тилдериндеги ырлардын эл аралык фестивалы өттү. Ага Кыргызстандын атынан ырчылар Нурзат Садыкова менен Кайрат Салмакеев катышты. Анда Нурзат Садыкова “Гүльназира”, “Кышкы романс” аттуу башкыр элинин ырларын аткарып, 2-орунду багындырды. Ага “Фестивалдын 2-даражадагы лауреаты” наамы берилди. Ал эми Кайрат Салмакеев "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзыган ырчы" наамын ээледи. Бул сынакка Кыргызстан, Башкортостан, Татарстан, Орусия, Казакстан жана Түркия өлкөсүнүн ырчылары катышты. Ал эми фестивалдын жеңүүчүсү Ильнар Шарафутдинов жана 3-орунду дагы башкортастандык ырчы ээледи.