Индиянын Керала штатында жергиликтүү тургундар дүйнөдөгү эң кары пил үчүн майрам уюштурушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Дакшаяни аттуу ургаачы пил 86 жашта. Аны Тривандрам шаарынын көчөлөрүндө калың элдин тобу өзгөчө шаң менен тосуп алган. Майрамдык салтанатка жараша ал атайын жасалгаланып, жадакалса "Чоң эне пил" наамы да ыйгарылганы айтылат.
"Гиннесстин рекорддор китебине" Дакшаянини дүйнөдөгү эң кары пил деп жаздыруу сунушу жиберилген, бирок эмнегедир ал сунуш четке кагылган.
Белгилей кетсек, 2003-жылы 86 жашында Тайванда өлгөн Азия пили эң кары пил деп эсептелинет.