Күзүндө Японияда көздөн жаш агызбоочу пияз сатыкка чыгат

Япониянын азык-түлүк өнөр жайы боюнча адистери көздөн жаш агызбай турган пияздын жаңы түрүн өстүрүшүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Муну менен алар турмушта кездешүүчү майда, бирок дайыма жагымсыз учур жараткан көйгөйлөрдү чечкенин билдиришкен. Маалыматтарда жаш агызбоочу пияздар Япония өлкөсү боюнча күз мезгилинде сатыкка чыгары айтылат. Кадимки пиязды кесүү учурунда анын клеткаларынын бүтүндүгү бузулуп, күкүрттүү пияз газы бөлүнүп чыгат. Газ көздүн былжырлуу чел кабыгын козгоп, жаштандырат.

Ал эми япониялык окумуштуулар 20 жыл пияздын клеткалары менен эксперимент жүргүзүп, газ бөлүнүп чыкпаган жаңы түрдү алышкан. Өндүрүүчүлөрдүн айтымында, "Жылмайган шар" аталышын алган пияздын жаңы түрүнүн көрүнүшүнүн кадимки пияздан айырмасы жок. Болгону жыты жок, даамы бир аз таттуураак келип, алма же алмуруттун даамындай. Андыктан көбүнчө салаттарга кошконго жарайт. 2 баш пияздан турган таңгактын баасы болжол менен 4 доллардай турары маалым. Бул жылы 10 тонна жаш агызбоочу пияз сатылып, ал эми 2019-жылы 1000 тоннага жетери пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shalunka1215
2016-08-03 15:48:21
Быягы укмушко козубуз ачышпай калатко:)
-2
lexus47
2016-08-03 15:53:21
Азыр эркектер кызга.кыздар эркеке айланып аткандай эми пияздыда жон коюшпаптырда. жон эле жашайберсе эмне болот деймда. баржокту чукулап отуруп адамдар озун озу жок кылбаса эле болду эми. кайран гана откон 20жыл башы жоктор
0
AKCAHAT
2016-08-03 21:09:10
Пияз ачык болгону эле жакшы , табигый.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан