Бишкекте массалык китеп окуу акциясы болот

23-апрелде Кыргызстандын борборунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата атайын жарманке жана массалык китеп окуу акциясы өтөт. "Иш-чаранын максаты - коомчулуктун көңүлүн китеп окууга буруу" дешет уюштуруучулар. Катышуучулар жарманкеде өзүнө китеп сатып алуу менен бирге белгилүү акын, жазуучулардан кол тамга алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жарманке эртең менен башталып, түштөн кийин массалык китеп окуу акциясы менен улантылат. Анда ар бир катышуучу өз жанына китеп ала келет жана 15 мүнөт китеп окуйт. Андан кийин искусство чеберлеринин концерттик программасы тартууланат. Иш-чара борбор шаардагы Чүй көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан