Токтогул райондук акимчилигинин алдына бүгүн "2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандыкка катышкан" деп жакында УКМК тарабынан камакка алынган журналист Кенжебек Жумабаевдин тарапташтары митингге чыгышты. Алар журналистти абактан бошотууну талап кылышууда. Чогулгандардын талабын укканы акимчиликтен эч ким чыкпаганын, аймакты милиция көзөмөлгө алып турат. Маалыматты 6-августта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.