Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Румыниянын тышкы иштер министри Оана-Сильвия Цою менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу 24-сентябрда ТИМден кабарлашты.
Тараптар кыргыз-румын кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана саясий диалогду мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана санкциялык маселелер боюнча да каралды.
Кулубаев Оана-Сильвия Цоюну Кыргызстанга сапар менен келүүгө, ошондой эле 2027-жылдын 21-23-октябрында Кыргызстанда өтө турган "Бишкек+25" экинчи дүйнөлүк тоо саммитине катышууга чакырды.
Тараптар кыргыз-румын мамилелерин мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин ырасташты.