Хиллари Клинтон, Путин, Обама жана башка дүйнөгө белгилүү инсандардын жылмаюу тартуулаган өзгөчө граффити сүрөттөрү (фото)

Жакында эле Австралиянын Мельбурн шаарындагы көчөлөрдүн биринде АКШнын президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын жубайы Мелани Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн провокациялуу граффити тартылган. Аталган өлкөнүн стрит-арт-сүрөтчүсү Лушсух (Lushsux) аларды жылаңач жана келесоодой көрсөтүп, баарына күлкү тартуулаган. Бирок шаар бийлиги граффити сүрөттөрдү адамдын кадыр-баркына шек келтирет деп таап, аларды жоготууну талап кылган. Жадакалса тамашакөй сүрөтчүнүн Инстаграмдагы баракчасы да жабылган. Бирок ал өзүн жоготпой сүрөттөрдү редизайндан өткөргөн, тагыраагы, кайрадан тартып чыккан. Хилларинин купальникчен сүрөтүн хиджаб кийген аялга айлантса, Мелани Трамптын сүрөтү оригиналдуу кооздоо менен уланган.

"Эми менин эмгектерим эч кимдин ачуусун келтирбейт деп ойлойм. Эгерде андай болсо, демек, сиз улутчул, исламдын фанаты же ксенофоб (чет өлкөлүктөрдү улутуна, динине, расалык тиешелүүлүгүнө карап басмырлоо, аларды жек көрүү) болосуз", - деп билдирген сүрөтчү.

Бул сүрөттөр топтомунан белгилүү саясатчылар Барак Обама, Владимир Путин, Ангела Меркель, Кембриж герцогинясы Кейт Миддлтон, өзгөчө тулку бою менен популярдуу Ким Кардашьян, ырчылар Тейлор Свифт, Майли Сайрус, актриса Анжелина Жоли жана башкалардын дүйнөнүн ар кайсы жеринде түшүрүлгөн граффити сүрөттөрүн назарыңыздарга тартуулайбыз. Алардын кай бирлери коомчулукта убагында ызы-чуу жаратышса, кээ бири дагы деле андагы жашоочуларга күлкү тартуулап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан