Кембриж университетинин профессору Лиза Ронандын айтымында, толук адамдардын мээ клеткалары арык кишилердикине караганда батыраак кичирейип, 10 жылга эрте картаят. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
"Адам баласынын жашы улгайган сайын мээси кичирейип баштайт. Картаюу процессинде эмнегедир толук адамдардын мээси бат кичирейгенин изилдөөлөр көрсөттү. Биз эмне үчүн мындай болорун аныктай элекпиз", - деп билдирген Лиза Ронан.
Изилдөөгө 20 жаштан 80 жашка чейинки 500дөн ашуун адам катышкан. Азырынча окумуштуулар толук адамдардын мээсинин бат картаюусуна эмне себеп болорун табыша элек. Лиза Ронандын билдиришинче, Жер жүзүндөгү жашоочулар өтө тездик менен картайып жана толуп баратышат. Андыктан бул көйгөйдү изилдөө медицина тармагынын алдынкы 10 жылдагы эң башкы маселелеринин бири болот.