Мамлекеттик коргоо комитети аскерге чакырыла турган жарандарды өлкөдөн тышка чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун сунуштап жатат.
Аталган токтомдун негиздеме маалыматында “экономикалык абалга байланыштуу республикада түзүлгөн ички жана тышкы миграциялык жагдай каттоодон чыкпай туруп башка аймакка же өлкөдөн чыгып кетип, жарандардын аскердик кызматка чакыруудан качуусуна шарт түзүп жатат” деп айтылган.
Токтомдун бул долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен акча каражаттарын кошумча бөлүүнү талап кылбайт. Ошондой эле социалдык, экономикалык, укуктук, укуктук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык терс кесепеттерге алып келбей тургандыгы белгиленген.