"Ордо Сахна" тобу борбор шаарда концерт берет. Жаңы программадагы бул концерт 11-12-апрель күндөрү Кино үйүндө өтөт. Айта кетсек, бул топ 1998-жылы негизделип, чыгармачыл топ комуз, кыяк, чоор, чопо чоор, сыбызгы өңдүү элдик аспаптарда ойноп, элдик чыгармаларды аткарып келишет. Маалыматка ылайык, концертте топтун жамааты жаш балдардын этникалык стилдеги костюмдарынын көргөзмөсүн да уюштурат. Концерт саат 18:00дө башталат.