КҮНСЕРЕП: Гүле-гүле, уважаемые баурдастар! Ни хао, Кытай!

Бүгүн, 10-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Көптөн күткөн жеңиш! Бүгүнкү таңды өлкөбүз кубанычтуу жаңылык менен тосту. “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына катышып жаткан мекендешибиз Иззат Артыков оор атлетика боюнча жеңишти багындырып коло медаль тагынды. Айтмакчы, Олимпиададан коло медаль менен кайткандарга кыргыз өкмөтү 3,5 миллион сом, Улуттук Олимпиада комитети Бишкек шаарынан 1 батир жана 1 автоунаа, Бишкек мэриясы 1 батир убада кылган. Алгачкы жарыштарда жолу болбой жаткан улуттук команданын биринчи ийгилиги “мен кыргызмын” деген миллиондогон күйөрмандарды көзүнө жаш алдырды. Себеби Олимпиада оюндарында кыргыз спортчулары акыркы 8 жылдан бери медаль ута элек болчу. 2008-жылы Кытайда өткөн Олимпиадада балбандар Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев медаль тагынса, 2012-жылкы “Лондон” Олимпиадасынан кыргыз спортчулары медалсыз кайтышкан. Спорт жаатындагы адистердин көбү мамлекеттен спортту колдоого бөлүнүп жаткан акча жетишсиз экенин, эл аралык аренадагы жеңиштерди көбөйтүү үчүн спортчуларды мыкты даярдоо зарылдыгын айтып келишет. Ушул жана башка кыйынчылыктарга карабай 21 атаандашынын арасынан суурулуп чыгып, 22 жаштагы Иззат Артыковдун пьедесталга көтөрүлүшү “алтынды алуу жакынкы келечекте турган иш” деген пикирлердин жаралышына түрткү болду.

Орусия менен Түркиянын мамилеси жанданып, эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. Былтыр Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөндөн бери орус-түрк мамилеси начарлап кеткен болчу.

Москва менен Анкаранын алакасындагы кризистик мөөнөттү ашып өтүүсүнө Астананын салымы чоң. Эрдогандын Путинден учакты атып түшүрүү окуясы боюнча кечирим сураган катын даярдоого казак дипломаттары жардам беришкенин түрк басылмалары жазып чыгышты. Анда айтылгандай, эки лидердин элдешүүсүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маанилүү ролду ойноду. Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу Назарбаевдин өткөн аптада Түркияга барып келген сапарынан кийин орун алуусу да жөн жерден эмес. Мындан улам Кыргыз Республикасына таасири күчтүү эки өлкөнүн мамилесинин оңолушу жана казактардын ага активдүү аралашуусу Кыргыз мамлекети үчүн "оюн талаасын" тарытат. Анткени кыргыз бийлигинин аталган 3 өлкө менен тең мамилеси сууп кеткен кези. Кремлдин Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун каржылоодон баш тарткандыгы, кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө Акорданын шашпаган мамилеси, ал эми Түркия боюнча кыргыз жана түрк Тышкы иштер министрликтеринин кайым айтышуусу... Мунун баары Кыргыз өлкөсүнүн тышкы мамилелер саясатында баары жакшы эместигин билдирет. Казакстан, Орусия жана Түркиянын ортосундагы азыркы процесстерде Кыргыз Республикасынын четте калуусу да тышкы мамилелер саясатында чоң катачылык кеткендигинин белгиси.

Кыргыз мамлекетинин башка коңшуларына келсек, Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара жана суу маселелеринин айынан алаканын кооптуу нукка түшүп кетүү ыктымалдыгы жогору. Кыргыз өлкөсүн постсоветтик мамлекеттердин ичинен парламенттик башкаруусу менен өзүнө жакын туткан Европалык союз менен Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн айынан позициялар төп келбей турат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк тарыхта таянган-тутканы АКШ менен Кытай калат. “Манас” аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борборун чыгаруу жана Азимжан Аскаровдун ишинен кийин Вашингтон менен Бишкектин мамилеси сууй түшкөнү белгилүү. Азыркы шартта альтернативдүү Түндүк-түштүк жолу жана башка ири долбоорлорду каржылап жаткан Кытайга карата Кыргыз мамлекетинин көз каранды болуусу арткандан башка айла жок...

Кыргыз өлкөсүндө доллар кайра кымбаттап, 1 АКШ долларынын баасы 68 сом 85 тыйындан сатылып алынууда. 2016-жылдын башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин АКШ долларынын диапазону 67 сомдон дээрлик 76 сомго чейин жеткен. Жылдын башында “жашыл” акчанын курсу жогоруласа, март айынан тартып ички рынокто анын курсу төмөндөгөн эле. Америкалык валютанын курсунун өскөнү доллар менен алган насыядан кутула албай жүргөн жарандарды нааразы кылып, митингдерге чыгууга аргасыз кылып келет.

Демейде өлкөгө жай мезгилинде туристтер көп келет жана башка факторлор таасир кылат деген негизде доллар арзан болчу. Быйыл буга чейинки жылдарга салыштырмалуу адаттан тышкары “жашыл” акчанын кымбаттап жатканы күз жана кыш мезгилине карата кооптонууну жаратууда. Мунун айынан Улуттук банк күз айларында өтөт деп жаткан референдум алдында доллардын курсун жогорулатпоого интервенциялар аркылуу толук күчүн жумшашы ыктымал. "Той болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, бийлик күткөн референдумдун жыйынтыгынан кийин долларды арзан кылып кармоого себеп да, даремет да калбай, анын курсунунун жогорулашы менен импорттон көз каранды болгон Кыргыз мамлекетинде баалар көтөрүлүп баштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан