Кытайдын Аньхой провинциясынын жашоочусу өзүнүн ийилчээктик жөндөмүн көрсөткөн фотосессияга катышкан. Денесин ийилтип, түрдүү позада өзүн көрсөтө алганын жазган "Daily Mail" басылмасы кызды "Кытайдагы эң ийилчээк адам" жана "Ийилчээк адамдардын ханышасы" деп атаган.
Сүрөттөрдөн 24 жаштагы Лю Тэн (Liu Teng) классикалык кийимде: ак көйнөк, кара шым, шиш такалуу туфлиде ийилчээктик жөндөмүн канчалык деңгээлде көрсөткөнүн көрүүгө болот. Сүрөткө тартуу учурунда кытай кызы бутун чоюп отуруп, "куту", "бака" сыяктуу трюктарды көрсөткөн.
Маалыматтарга караганда, өзгөчө таланттуу Лю Тэн 2016-жылы "Дүйнөнүн эң ийилчээк аялы" атыккан немис кызы Юлия Гюнтелден (Julia Gunthel) бир аз гана артта калат.