22-мартта Бишкектеги Лофт "Цех" "ММКларды колдоо борборунда" “Кыргыз керемети” аттуу семинардын 2-бөлүгү өтөт. Анда 1970-жылдары тартылган режиссёр Мелис Убукеевдин “Кыйын кезең” тасмасы коюлат. Айта кетсек, бул семинар кыргыздын эски тасмаларын көрүүчүлөргө тартуулоо максатында уюштурулуп жатат. Ал эми тасмада кыргыз-совет киносунун интеллектуалдык деңгээли чагылдырылганын айтат семинардын уюштуруучулары.