Биз социалдык тармакта

Төкмө акын Калык Акиевдин 130 жылдыгы белгиленет

Төкмө акын Калык Акиевдин 130 жылдыгы Бишкектеги Улуттук китепканада белгиленет. Анда К.Акиевдин өздүк архивиндеги материалдар, ыр, китеп, макала жана сүрөттөр көргөзмөгө коюлмакчы. Иш-чара 25-апрелде өтүп, ага белгилүү маданият ишмерлери, акын-жазуучулар жана шаар тургундары катышат. Айта кетсек, акын Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кулжыгач айылында 1883-жылы төрөлгөн. Анын айтуусунда “Ач карышкыр” элдик жомогу, “Курманбек”, “Жаныш-Байыш” поэмалары жазылып алынган. Күжүрмөн эмгеги үчүн ага СССРдин Эл артисти наамы ыйгарылган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rus_bratan
2013-04-11 10:22:17
.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан