Монголия мамлекеттик кызматкерлердин маяналарынын эсебинен экономикалык оорчулуктан чыгууну көздөөдө. Бул тууралуу 16-августта чет элдик маалымат булактары жазышты.
Монголиянын өкмөт башчысы Жаргалтулгын Эрдэнэбат: “Каатчылык учурунда биз баарына сарамжал болобуз”, - деди. Ошондой эле ал мамлекеттик кызматтагылардын маянасы 20 пайызга кыскартуу пландалып жатканын белгиледи. Ал эми Монголиянын президентинин, премьер-министринин жана депутаттарынын маянасы 30 пайызга кыскарат.
Маалыматка ылайык, өлкө парламенти тийиштүү документтерди колдогондон кийин мындай чаралар ишке кирерин Монголиянын Каржы министрлигинин өкүлү тастыктаган. Ошентип, маяналарды кыскартуу аркылуу Монголия быйыл 3 миллиард, кийинки жылы 8 миллиард тугрик үнөмдөгөнү жатат.