Өкмөт: Төкмө акындардын жаңжалы териштирилет

Кыргыз төкмө акындарынын арасында чыккан түшүнбөстүктү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги териштирет. Өкмөттүн маалымат кызматы бүгүн, 18-августта ушундай билдирүү таратып, эл аралык айтыштарды 2001-жылдан бери "Айтыш" фонду уюштуруп, тийиштүү министрлик каржылык колдоо көрсөтүп келерин белгиледи. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковго акындар арасындагы конфликтти териштирүү тапшырмасын бергени айтылды.

Белгилей кетсек, 15-августта Бишкек шаарында Х Эл аралык айтыштын тандоо туру өткөн. Жыйынтыгында акындар Жеңишбек Жумакадыр, Баян Акматов, Идирис Айтбаев аз упай алып калышып, тандоо турунан өтпөй калышкан. Айтыш бүткөндөн кийин сахнага чыккан төкмө Аалы Туткучев калыстар калыс баалабай койгонун ачык айтып, буга байланыштуу II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көлдө өтүүчү Х Эл аралык айтышка катышпай турганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Kainar20
2016-08-18 10:22:52
Аалы негизи тура кылган кошулам буга
+12
Keremet008
2016-08-18 10:37:12
Чын да эч бир куудулдарды,төмө акын,жазуучу драматургдарды биздин өкмөт көзгө деле илбейт баалап койсо болот да...
+1
Turdakun85
2016-08-18 10:38:29
Жеңишбек менен Аалы жок айтышты элестетүү кыйын го
+10
Sharos3
2016-08-18 10:41:01
Туура айтасын Турдакун
+1
take220281
2016-08-18 10:48:15
Зордон зор чыгат деген кеп да бекер эмес.
-3
take220281
2016-08-18 10:48:52
менин супер келинчегим кайда жүрөт???
-1
Syper.kelin4ek
2016-08-18 10:57:14
take220281,оу мен мына мен Айсулуга кайгырып журом.
-1
take220281
2016-08-18 11:00:36
Syper.kelin4ek,ушинтип көрүнүп турсаң садагам, жоголуп кетпей)))
+1
basyz-kaman
2016-08-18 11:00:03
Аалы албетте чон акын, бирок тигинтип жанжал чыгарыштын кереги жок эле. Оздору эле чечишип алышса болмок элге жарыялабай.
-4
Syper.kelin4ek
2016-08-18 11:04:28
basyz-kaman,темирди ысыгында чап дечу беле, ошол сыяктуу бир кун кеч козгосо ошол бойдон кала бермек.
0
Taku.14.02
2016-08-18 11:13:03
basyz-kaman,керек да азамат отту ал казакка барып жагалданып мактап ырдай албай уят кылды Кыргызстанга келсе да уят квлат ал
0
aiman1983
2016-08-18 14:22:15
basyz-kaman,Аалы чыгарган жок жанжалды. Баардык кесел Элмирбекте, ал акын, устат катары калыстыкка отурбашы керек эле. Талантты баалай албасак кантип кыргыз болуп баш которуп журобуз
0
Syper.kelin4ek
2016-08-18 11:00:15
Озубуздун калыстар оздукторго туура эмес чечим чыгарып атышса, башкалар эмне болушат айланайындар.
0
salimbek87.kg
2016-08-18 11:04:43
Чындыкты айтат Акын Аалы ,жогорудагы айтылган акындар катышпаса айтыш кызыксыз болуп калат .
+1
kubat_73
2016-08-18 11:17:01
Казактарга тен келип айтышчу Аалы Женишбектен откон акын бар беле.Оо кудурет качан кыргыз кол ийрисине тарткан коро албастыктан арылабыз.Тамтандаган тааныш акындын откону жакшы болгон окшойт эл аралык намыстан дагы.Айтыштын да баркын кетирет экен го эми.Бул эки акынсыз айтыш айтыш эмес казактар сазайын берет экен анда кыргыз акындарынын.
+4
sabyr86
2016-08-18 11:22:20
Булар алдыңкыны ала берип көнүп калышкан,жаштарга да орун бериш керек.баягы эле 4 акын алдыга чыга берсе,калганы качан өсөт.жаш балдарга окшоп таарынышат.
-7
Marat-m
2016-08-18 11:55:53
Аалы,Женишбек булар башкача тажрыйбалуу
акындар ал эми жаш акындар канткенде да
жаштык кылат казактардын сазайын бере турган
ушул экоосу эле
кыргыз калкынын ичинде калыс жана чындыкты
жеткире суйлогон жана тогуп ырдаган ушу эки
акынды баалаймын
0
sabyr86
2016-08-18 12:22:52
Андай болсо тандоо өткөрүп эмне кереги бар эле? Тандоосу жок эле баягыларды жиберип коюш керек болчу.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан