Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитети ата мекендик интернет-провайдерлер менен тарифтер тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Комитеттин статс-катчысы Абдисамат Сагымбаев, Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Чыңгыз Бекташев ата мекендик
интернет-провайдерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу өлкөдөгү интернет-провайдерлер үчүн тарифтин жогорулашы менен жаралган абалды жөнгө салуу максатында өттү.
"Буга чейин комитеттен "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жана КРнын Операторлор ассоциациясы казак интернет-провайдерлеринин Кыргыз өлкөсү үчүн интернет каналдарынын баасын жогорулатышы тууралуу маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан", - деп айтылат маалыматта.
Кыргыз интернет-провайдерлеринин көпчүлүгүнө 1-августта казак өнөктөштөрүнөн интернет тарифинин 1,6дан 3 эсеге чейин жогорулашы тууралуу билдирүүлөр келгени маалым болду.
"Кыргыз Республикасы менен Казакстан Евразиялык экономикалык кеңешинин жана дагы башка аймактык интеграциялык бирикмелердин мүчөлөрү болгондуктан, комитет расмий түрдө Казакстандын мамлекеттик органдарына учурдагы абал тууралуу түшүндүрмө берүү жана бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү суранычы менен кайрылуу жасады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Евразиялык экономикалык комиссиянын тиешелүү органдарына бул абалдын ченемдерге ылайыктыгын аныктоо өтүнүчү менен кайрылуу чечими чыгарылды", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.
Астана шаарында 2014-жылы 29-майда кол коюлган Евразиялык экономикалык кеңештин келишимине ылайык, кеңешке мүчө өлкөлөр электр байланыштарын жана интернет тармагын бирдей колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Мындан тышкары өлкөлөр бири-бирине интернет кызматтарын чектөөсүз берүүнү камсыз кылуу үчүн керектүү иш-аракеттерди аткарууга да милдеттүү.
2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз өлкөсүндө интернетти колдонгондордун саны 4 миллион 754 601ге жеткен. Интернет менен калктын 79 пайызы камсыздалган.