Баткендеги Самаркандек айыл аймагында сел кесепетин жоюу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат

17-август күнү Баткен районунун Самаркандек айыл аймагында сел жүрүп, үйлөрдүн короолоруна сел суулары кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, учурда селдин кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүп жатат.

ӨКМнын Баткен райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, Самаркандек айылынын күн батыш тарабында 40-45 чакырым алыстыкта жайгашкан тоо этегине жааган жаандан катуу сел жүрүп, Самаркандек жана Жаңы-Бак айылдарын сел аралап өткөн. Андан адам өмүрүнө жана малга зыян келген эмес. Турак үйлөрдүн пайдубалдарына жана огород тилкелерине сел суулары кирип, ылай, кум, таштарга толтурган.

Орто-Сай-1 жана Орто-Сай-2 сел каналдары аркылуу келген сел 12 даана лотокту агызып, 6 даанасы пайдаланууга жараксыз болуп калган. Ошондой эле сел тосуучу 1600 метр жана 450 метр дамбаны бузуп, 39 турак үйдүн эшик алдындагы огороддорун жана чарбалык курулуш имараттарын сел каптап, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суулары толуп калган. Самаркандек, Жаңы-Бак айылдарындагы 2000 метр ички чарбалык жолду сел суулары жууп кеткен.

Учурда селдин кесепетин жоюу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 1 даана жүк жүктөөчү техника тартылып, бузулган ички жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. ӨКМ тарабынан 3 даана техника, 5 тонна күйүүчү май берилип, оңдоп-түзөө иштери улантылат. Бүгүнкү күндө келтирилген зыяндар боюнча Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан дагы иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев селдин кесепетин жоюу иштерин көрүп чыгып, калыбына келтирүүнү тездетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан