Бүгүн өлкөбүздүн 21-премьер-министри Жоомарт Оторбаев 61 жашка толду. Ал 1955-жылы 18-августта Фрунзеде туулган. 1978-жылы Ленинград мамлекеттик университетин физика адистиги боюнча бүтүргөн (артыкчылык диплому менен аяктаган). Ал эми 1981-жылы Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Физика институтунун аспирантурасын аяктаган.
1981-2005-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында кенже, ага илимий кызматкер, плазма спектроскопия лабораториясынын башчысы;
1985-1996-жылдары – Кыргыз мамлекеттик университети, ага окутуучу, доцент, физика факультетинин профессору (негизги иши менен сыйыштырып иштеген);
1993-1996-жылдары – Эйндховен технологиялык университети (Голландия), чакыруу менен барган профессор;
1996-2005-жылдары – Кыргыз-Орус Славян университети, табигый-техникалык факультетинин профессору, лаборатория башчысы;
1996-1999-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, башкы аткаруучу директор;
1999-2002-жылдары – Борбордук Азиядагы "Филипс Электроникс" корпорациясынын өкүлчүлүгү, вице-президент;
1997-жылы – КР УИА "Жалын" Илимий-инженердик борбору, лаборатория башчысы;
1997-жылы – Нидерланды Падышалыгындагы КРнын ардактуу консулу;
2000-жылдан 2006-жылдын апрель айына чейин – "Менин өлкөм" партиясынын координатор-лидери. 2000-жылы КР ЖК шайлоосунда партиянын тизмесинде алгачкы болуп турган. Шайлоодон кийин депутаттык мандаттан баш тарткан.
2001-жылдын 22-августунан 2004-жылдын 7-февралына чейин – КР Президентинин чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча өкүлү, атайын өкүлү;
2001-2005-жылдары – КРнын Ооганстанга экономикалык жактан жардам берүү өкүлчүлүгүндө атайын өкүл;
2002-жылдын 30-майынан 2005-жылга чейин – экономикалык маселелер боюнча КРнын Вице-премьер-министри;
2005-2006-жылдары – "Инвестициялык тегерек стол" коомдук уюмунун башкы директору;
2006-жылдын декабрынан баштап 2011-жылга чейин – инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү банкында башкы кеңешчи;
2010-жылы - "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан;
2011-2012-жылдары - экономика жана инвестиция боюнча КРнын Вице-премьер-министри;
2012-жылдын 24-августунан 6-сентябрга чейин – экономика жана инвестиция боюнча КРнын Вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу;
2012-жылдын 6-сентябры - биринчи вице-премьер-министр, ал эми 2014-жылдын 4-апрелинде КРнын Премьер-министри болуп дайындалган;
2015-жыл, 23-апрель - Жоомарт Оторбаев кызматтан кете турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирип чыккан. 24-апрелде Алмазбек Атамбаев премьер-министр Жоомарт Оторбаевди кызматтан бошоткон.
18-августтун жылнаамасы.