Жалал-Абад шаарынын Тайгара айылындагы сел алган көпүрөнү оңдоого 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү

Жалал-Абад шаарынын Тайгара айылындагы сел алган көпүрөнү оңдоого 1 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүнүн башчысы Исхар Апиев билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган көпүрөнү оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

"Сел алган көпүрөнү оңдоп, каттамды калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 миллион 181 миң сом бөлүнүп, учурда көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Апиев.

Белгилүү болгондой, аталган көпүрө 2014-жылы айыл жаштары жана ишкерлери тарабынан уюштурулган фонддун эсебинен салынган. Ал Тайгара айылын экиге бөлүп турган Кызыл-Суу сайына курулган. Быйылкы жаздагы жаан-чачындуу мезгилде көпүрөнүн бетон плиталарын сел алып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
madina.87
2016-08-19 07:19:21
Кызыл-Суугоо,кана Эми ошо акчаны чондор жеп салбай норма копуро куруп койсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан