Бишкекте 17-августтан бери дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы Баяман Маратбеков табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына баланын аяш атасы Мирзат Кубатбеков билдирди.
"Досумдун баласы Баяман кечээ кечинде Лебединовка айылынан табылды. Эң негизгиси, аман-эсен. Ал жергиликтүү тургундардын биринин үйүндө болгон экен. Алар аны көчөдөн көрүп калып, үйүнө киргизип алышкан окшойт. Бала аймактык тескөөчүнүн жардамы менен табылды. Ал өзү жоголуп кеткен Аламүдүн-1 кичи районунда 10 күндөн бери конокто жүргөн, анан 17си күнү сыртка ойногонго чыгып, жоголуп кеткен. Азыр бала ата-энеси менен, баары жакшы", - деди М.Кубатбеков.