Бүгүн, 21-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында эркин күрөш боюнча 97 килограмм салмакта медаль ойнотулууда. Бул салмакта балбаныбыз Магомед Мусаев килемге чыгып, жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы утуп алды.
Кармашта 9:0 эсеби катталып, Мусаев чейрек финалга чыкты. Бул баскычта ал украиналык Валерий Андрийцев менен беттешет.