Ош шаарында ата-энелер окуучулар арасындагы рэкетчиликти жоюуну депутаттардан суранышты. Мындай маалымат жашоочулардын Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушуусунда айтылды.
Маалым болгондой, депутаттар менен жолугушууга 350дөн ашуун адам катышкан. Иш-чаранын жүрүшүндө ата-энелер билим берүү мекемелериндеги рэкетчилик көрүнүшү кулачын жайып, жогорку класстын окуучулары балдарды кыйнап, телефон, акча, кымбат баалуу буюмдарын тартып алып жатышканы айтылды.
"Депутат Иса Өмүркулов Билим берүү министрлигинин, Ош ШИИБинин өкүлдөрүнө кайрылып, мындай көрүнүштөргө жол бербөөнүн алдын алып, профилактика иштерин жүргүзүү зарыл экенин айтты. Ал өз сөзүндө жашы жете элек балдар менен комплекстүү иш алып барууну сунуштады", - деп айтылат маалыматта.