Үңкүр-Тоого тик учак менен келген өзбек милиция кызматкерлеринин негизги талабы белгилүү болду

Бүгүн, 22-августта Үңкүр-Тоого тик учак менен келген өзбек милиция кызматкерлеринин негизги талабы - өзбек аскерин бошотуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

"Эртең менен саат 09:00 чамасында Үңкүр-Тоого тик учак конуп, өзбек милиция кызматкерлери түшүшкөн. Алардын арасында атайын даярдыктагы жоокерлер болгон. Алар станцияга паспорттук көзөмөл орнотуп, саат 15:00гө эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусун талап кылышкан. Азырынча жыйынтык чыга элек. Өзбек милиция кызматкерлеринин негизги талабы - 13-августта Ала-Бука районунун Орто-Токой суу сактагычынын аймагына мыйзамсыз кирүүгө аракет кылып колго түшкөн өзбек аскерин бошотуу. Биздин оюбуз боюнча, кармалган адам жөнөкөй аскер эмес, маанилүү адам болушу мүмкүн", - деди Шекербек Камчыбек уулу.

Айта кетсек, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өткөн. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Sara07
2016-08-22 19:56:20
Учурунда чек араны тактап койгондо мындай кыйынчылыктар болмок эмес,бастырып эле келатышат ,бастырып эле келатышат ! Алакандай жерибизди тарттырып ийбесек болду акыры барып ... Эхххх !
+1
KGstan1981
2016-08-22 20:35:28
Биздин Ажобуздун оюда азыр кантип конституцияны озумдун кызыкчылыгым учун озгортсом же болбосо интернетке кайсыл ырды ырдап чыксам деп ойлоп жатат.А чек арага орустар айтмакчы Атамбаеву наплевать.Минус койсонор койгула бирок бул ачуу чындык.
+10
tulpar90
2016-08-22 20:39:26
Биздин ажонун күчү журналист Д.Ого жетпейт анан кайсы чек араны тактайт .
+3
Rifle_S
2016-08-22 20:57:04
СНБ кыргыздын чыгаандарына гана күчү жетет. Ичибиздеги саткындарды көрбөйт. Ош, Жалалабад, Баткенди тосуп алыш керек тезинен. ХХХ ХХХ ХХХ чек араны бустуң деп.
Ал жерге келип талап коюш бул дипломатиялык жол эмес.
+1
admin_portal
2016-08-23 11:04:37
Rifle_S, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат! 5 күн БАНга!
0
Kerben1996
2016-08-22 21:00:30
Бугун Кербенде да аскерлердин саны кобойуп кочодо кооп журот эле ...эми ТЫНЧ ЭЛЕ бутсо экен!!!
0
Taranchy
2016-08-22 21:21:24
Туура. Жакында эле Атамбаев ачык мойнуна алды. Чек ара жакында чечилбейт деп. Улам бир президент болгон сайын Кыргызстан кичирейе бере турган болду. Сариев деле жолду шылтоолоп кетип калды а негизи так ушул жер боюнча чындыгында. Эми кезек атамбаевдин озундо. Ал дагы олкобузду сатканга #ЧОН# салымын кошот коробуз 1-2 жылда.
+1
zhykyo
2016-08-22 22:25:01
7и озбек милиция келип коркутса эми билбейм
+2
erikkarakulja
2016-08-22 22:50:03
Эмне себептен ок атпайсынар. Эмне Кыргызстан жери эли биздин бийлик учун эмне эшек жайлоо болуп калганбы. Мынча ойлобойсунар Ата Мекенди. Деги эмне деген адамсынар озу.
0
kubat_73
2016-08-22 23:14:32
Мынакей биздин бийликтин шалаакылыгы жана коркоктугу.Оз жерибизге озголор келип кайра озубузго талап коюп.Кечээ эле кимдир бироо катылбайбыз катылганды как тумшукка койгонго жарайбыз деп опурулуп атты эле го жок го мындайда.Алыскы мамлекеттерди жон койолу жадаса кошуна мамлекеттерге кадыр баркыбыз жок болду го каалаганы каалаган куну тээп кирип талап коюп коркутуп.Бугунку бийликтин кадыр баркы баасы ушул
+1
DAF-077
2016-08-22 23:41:33
АШАга ишенбегиле себеби ал артист Башчысы артист болгондон кийин башкасын айтпай эле койгула
0
terabait
2016-08-22 23:44:18
Конститутцияны өзгөртөбүз деп элдин башын айландырбай маанилүү делген көйгөйлөрдү чечкенге аракет кылбайбы өлкө башчысы #Өзбекстан шок бала Кыргызстан жоош бала болуп калды го#КЫРГЫЗСТАНга Өзбекстандын мындай мамилеси кемсинтүүнүн белгиси каным кыргыз болгон үчүнбү каным кайнап жатат мени БАНга айдабаңыз бул провокация эмес
0
DAF-077
2016-08-22 23:48:12
Биздин АША эмне мынча ыраңы суук?
0
Moskva.kg
2016-08-23 01:33:48
Алтындарым законго таянып чек араны бузган адамдарды ХХХ камап койдук деп мактанбай ит деле уроо алат чоочун адамга
+1
admin_portal
2016-08-23 09:48:32
Moskva.kg, провокация жаратуучу билдирүүлөрдөн алыс болууну сунуштайбыз!
0
Kani1994
2016-08-23 03:19:50
кайра алып кетебиз дешкенине караганда,жөн эле адам эмес го...ТЫҢЧЫ го деген ой келди!
0
Boroev525
2016-08-23 11:37:33
Келечек карангы элэ болуп барататго
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан