Аксыда Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 100гө жакын адам чогулду

Аксыда Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 100гө жакын адам чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Алтын Кутманов билдирди.

"Жергиликтүү тургундар Үңкүр-Тоо маселесин чечүү талабы менен чыгышты. Чогулган эл менен район акими Медет Айдаралиев жолугушту. Бүгүнкү күндө Делимитация жана демаркация комиссиясы Аксыга келип, Үңкүр-Тоону жеринде көрөт. Ал эми элге абалдын тынч экендигин түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, алар тарап кетишти", - деп билдирди Кутманов.

Маалым болгондой, администрациянын алдына чыккандар өзбек милиция кызматкерлеринин Үңкүр-Тоо аймагынан чыгып кетүүсүн талап кылышкан.

Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин мүчөсү Шекербек Камчыбек уулунун айтымында, учурда Үңкүр-Тоодогу телерадиостанцияда иштеп жаткан 4 кызматкер 22-августтан бери өзбек милиция кызматкерлери тосуп турган аймактан чыга элек.

Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстан тик учак менен 7 милиция кызматкерин Үңкүр-Тоодогу Кыргыз Республикасы пайдаланып жүргөн, такталбаган аймакка түшүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
admin_portal
2016-08-23 15:56:21
Sharos3, кимдир-бирөөнү кемсинттүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
-4
aseras
2016-08-23 16:19:38
Келип кетип сынап журушот да не кылалаткен деп бир куну озбекстан аймагы деп туруп байрагын сайып кетет ошондо да эч нерсе кылалбайт биздикилер...озу ток кайгы жок да аларга
+1
ERCHOROEV
2016-08-23 17:12:39
Бийлик силерге уят, намысынар кайда калды? Уялбайсынарбы мекенинерге башка бироо бастырып келсе чык деп бироон айта албасанар. Уялбайсынарбы оз суу сактагычынарды озунор коргой албасанар. Уялбайсынарбы оз жеринерди басып алганы аз келгенсип, оздорунун талаптарын коюп, суу сактагычынардан козомолду алып салгыла биз силердин суу сактагычынарга кенен кирип чыгалы деп талап койсо ошого да макул болуп отурасынар. Кыргызбыз деп тош каккандан коро ХХХ ХХХ ХХХ
+5
admin_portal
2016-08-23 17:45:59
ERCHOROEV, этика нормаларын сактаңыз!
-2
taalai9411
2016-08-23 18:28:19
Ээ ал администрациянын алдына чыкпай ХХХ ХХХ ХХХ
+5
admin_portal
2016-08-24 11:04:07
taalai9411, провокация жарата турган билдирүүлөргө жол берилбейт! 5 күн БАНга!
0
Alixan-Nookat.2015
2016-08-23 19:08:12
Катуу мамиле кылыш керек аларга бош болсон башына минет
+3
erikkarakulja
2016-08-23 19:34:20
7 эмес 15 милиция кызматкери келиптир унгар тоодогу иштеген 3 кыргыз жарандарын кармап документерин текшерип кыргызстанга жети талап койуп жатышыптыр. [moderated]та Санжар Калматайдын ссылкасынан билсенер болот. Каргыш тийген биздин бийликтегилер президентке асылышып кресло талашып журушот.
+3
Aldyiar
2016-08-23 20:11:25
ээ биздин чондордун колунан эч нерсе келбейт, дагы эле элди алдап журушотго. Канча жылдан бери чече албай журушот коркуп озбектерден.
+1
KGstan1981
2016-08-23 20:23:09
болгону 7 озбек милициясына кучунор жетпесе уят Атамбаевке уят КСДПга
+1
Askarbek15
2016-08-23 22:22:43
Жанар Акаев кыйындыгынды мамлекетти элди жерди коргоп кыйын бол Аалымга асылбай...
+4
Samash
2016-08-23 23:56:25
Askarbek15,тем более күйө бала болот Аксыга
+2
Sharos3
2016-08-24 10:08:33
Askarbek15,
Эн туура соз.
жанар унчукпайтко, коркуууп жатса
керек башын катып
0
talant87
2016-08-23 23:21:00
кечке мал озбектердин тик учагы жарым саат ашык ункур тоодун жанында учуп журду
0
Nendi15
2016-08-24 10:49:45
Мискенбаевге окшогон арстан жүрөк депутаттарыбыз бар элего,аягына чыгам антип салам минтип салам деген. Кана кыйын экенсинер келгиле Аксыга.
+1
Nendi15
2016-08-24 11:01:10
Үңкүр-тоо такталбаган аймак же талаштуу жер деп айтып жатышат. Эгер билсеңер ата бабаларыбыздын киндик каны тамган жер. Урматтуу супер инфо баарын ачык айтып тактагылачы. Ктр элтр жана башка маалымат булактары элдин башын айландырып бүттү
0
Nendi15
2016-08-24 11:05:58
Депутаттар Аксыга келип эл менен жолугуп чечкиндүү кадамдарга баргылачы.
0
Sharos3
2016-08-24 12:54:44
1000000 чогулсун
0
Nurbag
2016-08-27 10:59:34
Аксылыктар менее ойношпогула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан