Куудул, пародист Талант Анарбаевдин “Мигрант” аттуу ырынын клиби чыкты. Ырдын сөзү Талант Моңолбаевге, обону куудулдун өзүнө таандык. Клипти режиссёр Улар Акматов тартты. “Ырдын мааниси Орусияда жүргөн мекендештерибиз тууралуу. Аларды өз кучагына батырып жаткан Москва шаары жөнүндө да айтылат. Ал эми клип болсо, Ош шаарында тартылды, ага өзүм режиссёрлук кылдым”,- дейт Талант мырза. Айта кетсек, куудул азыркы учурда “Современный жеңелер” аттуу жаңы ырына клип тарттырып жатат. 16-апрелде орусиялык кыргыздарга концерт койгону 1 айга сапар алмакчы.