Мындан 69 жыл мурун бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучу жана акын Пауло Коэльо Бразилиянын
Рио-де-Жанейро шаарында, инженердин үй-бүлөсүндө туулган.
Чыгармаларында жаман менен жакшы, ак менен кара, өмүр менен өлүм, Кудай менен шайтан, жашоо маңызы чагылдырылган жазуучу тууралуу кызыктарды назарыңыздарга сунуштайбыз.
1. Ал эч качан тынч жашоодо жашаган эмес. Бир нече жолу жиндиканага, түрмөгө түшүп, чыккандан кийин көчөдө темселеп, башынан көп эле нерселерди өткөрөт. Ыр да жазчу, бирок 38 жашында китеп жазуудан башка эч нерсе жасагысы келбей турганын түшүнгөн.
2. Дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө анын 86 миллиондон ашуун китептери сатылган. Иранда "Заир" новелласын окууга тыюу салынса, белгилүү "Алхимик" чыгармасы Европадагы мектептерде сабактан тышкары окууга сунушталган.
3. Коэльо тамашаны жакшы көрөт, бирок журналисттерди жактырбайт. Ар бир бразилиялык жарандай эле футболду жакшы көрүп, жөө баскандан, жаа аткандан эргүү алат.
4. Жазуучунун колунда көпөлөк түшүрүлгөн татуировкасы бар. Аны төртүнчү ирет үйлөнүп жатканда жасаткан. Ал нике шакегин жактырбайт.
5. Ал жазган ар бир китеп - өзүн өзү түшүнүү аракети. Андыктан ал кыялдар тууралуу жазарын, эң башкысы, адам эмнени кыялданарын жана ошого жараша аракет кылышы керектигин айтып келет.
24-августтун жылнаамасы.