Ырчы Сапар Эркебаевдин “Алтыным” аттуу ырынын клиби жарык көрдү. Ырдын сөзү Алтынбек Алымовго, обону ырчынын өзүнө таандык, ал эми клипти режиссёр Кубат Шамшиев тартты. “Тасмада бир кызды жактырып калып, аны менен таанышам. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы болуп келе жатып, кыз бир күнү кетип калат”,- деди ырчы. Айта кетсек, жакында Сапар Эркебаевдин “Жаздагы сүйүү” аттуу ырынын клиби жарык көрмөкчү.