Акча берүүгө мажбур кылган "бекер" төрөт...

Төрөт азыркы учурда бекер эмес. Болгондо дагы бир топ акчаны дарыгерлерге карматууга туура келет. Эмнеге? Албетте, эне менен баланын коопсуздугу үчүн... Бул көрүнүш эки тараптын тең аң-сезимине кадимкидей сиңип калган: төрөп жаткан аялдын жакындары акчаны берчү учурду билишет, дарыгерлер алчу учурду...

БАРДЫК МАМЛЕКЕТТИК ТӨРӨТКАНАЛАРДА ТӨРӨТ БЕКЕР...

Өлкөнүн аймактарында ар бир төрөткананын кире беришинде "Төрөт бекер" деген жазуу илинип турат. Мамлекеттик ооруканаларда бекер болгону менен, көпчүлүк "баары бир акча сурашат, акчаң болбосо көчөдө калышың мүмкүн" деп айтып калышат.

Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кабыл алуу бөлүмүнүн медайымы Лола Тойчиева бардык мамлекеттик төрөтканаларда төрөт бекер экенин айтып, буларга токтолду:

"Каттоого туруп, жашаган жери боюнча келишсе, төрөт бекер кабыл алынат. Албетте, башка жактан келгендер акы төлөшөт. Ал эми чет өлкөлүктөр үчүн өзүнчө баалар каралган. Канча адам болсо, ошончо кыял бар эмеспи, андыктан ар бир энеге өзүнчө мамиле кылабыз. "Дарыгерлер акча алышат" деген бекер сөз. Эми ыраазычылык билдирүү максатында төрөгөн энелер дарыгерлерге бериши мүмкүн. Бул нерсе эне менен дарыгердин ортосунда болот".

...БИРОК ЭНЕЛЕР АКЧА БЕРҮҮГӨ МАЖБУР...

"Төрөт бекер дегенге кандай карайсыз? Төрөткөн акушерлерге акча берип көрдүңүз беле?" деп бир нече шаар тургундарына кайрылдык.

Үмөтбек кызы Айдай: "Менин төрөтүмө 100 доллардай кеткен. Кесарево жолу менен төрөгөм. Бекер төрөтүшөт деп айтылганы менен, эч нерсеси жок барсаң карабай коюшат. Ошон үчүн алдын ала доктурлар менен сүйлөшүп, акча берип, келишим түзгөнгө барасың".

Айбек Парманкулов: "Менин аялымдын төрөтү бекер болгон. Бирок аны жакшы карашсын деп дарыгер менен алдын ала сүйлөшүп, колуна 3-4 миң сомдой карматкам".

Аида Алымкулова: "Экинчи кызымды төрөөрдө врачтар "кесарево жолу менен төрөсөң, 10 миң сом бересиң" деп айтышкан. Бирок табигый жол менен эле төрөп, акча берген эмесмин. Төрөтканадан чыкканча сүйүнчүгө жана башка майда-чүйдөлөргө сурап жатышып 6 миң сомдой акча кеткен".

Жибек Болотова: "Жаның кыйналып төрөгөндөн кийин канча акча сурашса да бересиң. Кээ бир врачтар бар, ачка калгандай "сүйүнчү пул" деп суранып жатып алышат. Төрөткөн доктурга берсең, санитаркасы калат, ошентип жолдошум баарына сүйүнчү берип чыккан. Мен төрөгөндө жалпы 10 миң сомдой кеткен. Анан да бөлмөлөрдө жардам фондуна деген кутучалары бар. Ачык эле айтышып, кутучаларга акча салууга мажбур кылышат".

"АКЧА СУРАГАН УЧУРДА УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК"

Юрист Мээрим Кадырбаева доктурлар акча талап кылышса, тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу керек экенин айтат:

"Дарыгерлерге өз ыктыяры менен акча сунуштоо, мыйзам боюнча, пара берүү болуп саналат. Эгерде доктурлар акча талап кылышса, анда тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл. Көпчүлүк учурда коррупциянын пайда болушуна жарандар өздөрү себепчи болуп калышат. Мындай нерсе "турмуштук коррупция" деп аталат. Акча берүү көнүмүш адатка айланбаш үчүн жарандар акча бербеши керек".

Белгилей кетсек, операция жолу менен төрөтүү учурунда талапка ылайык акча төлөнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
asiret
2016-08-26 16:58:00
Азыркы врачтар врач эмес эле тилемчи болуп калышкан
+8
bema_bema
2016-08-26 17:27:16
Мен чон баламы Кыргызстанда торогомун жаным козумо корунуп атат карап койгула десемда эч ким басып келбей койгон.Качан кайненем 5 мин сом карматып келиним кусупда атат карап койгула дегенде караган.Балам шалаакы врачтардын айынан тумчугуп суу жутуп ууланып калган экен майып болуп калды эмгиче азап тартып барбаган жерим калган жок.Озуму дагы эптеп эле карап чыгарып салган текшербей кан калып калган экен алты ай дарыланып жаткамын.

Уч баламы Россияда тородум эч кандай акча сураган
+6
bema_bema
2016-08-26 17:31:13
Халатынан баштап балага плёнкадан бери берет, эшиктен эчнерсе киргизбейт экен не стирильний деп союз мезгилиндегидей жакшы карашат экен.Озуну дагы узиге тушуруп анализин жакшы болсо анан чыгарат экен.
+5
Ajimanbetova.Kanikey
2016-08-26 18:35:41
Айрыкча Бишкектеги 4роддом акча бер дейт, сразу эле 10мин сом талап кылган. Балан оруп атабы, оруган жокбу.Тирубу олукбу баштарыда ооруп койбойт.
+2
Giza
2016-08-26 18:45:19
Бекер торосон олосун да. Алдын ала акча карматбасан жакшы карабайт. Калп эле жогорудагылар бекер деп айта берет.
+2
islan_85
2016-08-26 19:49:52
гиппократтын анттын торотканада иштегендер да ичкенби
+2
Guli000
2016-08-26 20:10:33
Бизде Кыргыздарда текшеруу начар деп ойлойм главный денсоолук бул адамдын эн керектуу нерсеси 1чи очуретте медицинаны тезтез козомолдоп врачтарды текшерип сазайын берип турса ошондо тыпылдап калат беле акчага суусабай,эчким эчким мн иши жок кутуруп кетиштида!
+2
happy15
2016-08-26 21:22:38
Оозу мурду кыйшайбай торот бекер дегенин,акчан жок барсан итке мамиле жасагандай кылышат,оз жеринде туруп мындай нерсеге кабылып зээнин кейийт
+3
shirinai
2016-08-26 21:51:24
Лейлектин Достук айылында тородум 2 баламды. Акушерка санитаркалары аябай жакшы карашат . Озгочо Ирсалат эже эки баламды жарыкка алып келди. Минден бир ыраазымын. Эч кандай акча сураган жок. Оз конулубуз менен суйунчу пул бердик. Баары болуп 1500 сом акча кетти.
+3
Guli000
2016-08-26 22:14:29
shirinai,Баткендиктер деп тоготмоксон болушат, ооба чын чынына келгенде Баткендиктерде кичине болсода уят намыс ариет бар,тиги шаардыктарда эми айтпай эле койойун...!
+3
Kara-balta
2016-08-26 22:21:49
Менин эки балам чет жерде торолду бир сом сурашкан емес даже 2ай уйго через день келип текшерип турушкан,учунчу уулум кыргызстанда торолду акча сурашпады бирок чыккандан кийин бир врач уйго келип койбоду анан барып айттым бир Айдан кийин,неге еч Ким кабар албайт деп анан ертеси келип кетти))
+1
Kara-balta
2016-08-26 22:25:19
Бала торолгондо суйунуп сураган акчасын берип озубуз жаман уйротобуз,алар торотсо айлык алып жатышат аман есен торолгонуно кудайга ыраазычылык билдиришибиз керек.
0
fatiko1991
2016-08-27 00:01:51
Менда ин ша Аллах октябрда торойм.Биринчимди кырда торогом апам аябай закончул болчу жанымда турган ошон учун акча сурай алышпаган
.
0
DUNI
2016-08-27 12:30:09
Суйунчу сурабаса деле бересин да суйунуп. 350сом жаткан жерине толотушот.орогула дешет,анан пакеттеринди которуп чыгып ородук деп акча алат бизде.салфетка бумажный,влажный,самындыда апересинер дешет
+1
Sagidko88
2016-08-27 13:28:57
Акча бербесен карашпайт. Тороордо келип мен тороттум деп 5-6адам суйунчу алат.гинекологго,педиатрга, баланы кийинткендерге берип жатып жалпы 7мин кеткен.ал 7мин эки жыл мурда.азыр андан кымбаттыр. аты эле бекер,чынында акча беребиз.
0
elin
2016-08-28 19:10:16
Тийиштуу жерге барып арызданайын десен, алар да акча талап кылышат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан