Москвадагы өрт: Президент каза болгон 14 мекендешибиздин жакындарына көңүл айтты

27-августта Москвадагы өрттөн каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн 14 жаранынын жакындарына президент Алмазбек Атамбаев көңүл айтып, аза кайгысын бөлүштү.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам бөлүүнү жана өкмөт менен тиешелүү органдарга бардык керектүү жардамдарды жана колдоолорду уюштурууну тапшырды.

Эскерте кетсек, 27-августта Москва шаарынын түндүк-чыгыш тарабындагы Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадан чыккан өрттөн 17 адам каза таап, 4 адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адам Кыргыз өлкөсүнүн жараны. Калган үчөө Орусия жарандары. Алардын аты-жөндөрү такталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
lexus47
2016-08-28 11:14:43
Кан менен келген бийлик!!!
+12
Komrad
2016-08-28 11:24:38
көңүлдү каерде кимге айтты? бирөөдөн айттырып ийген салтка жарайбы? жардамга тапшырма бергенине ыраазы болдум. Көңүлдү телевзордон да айтып койсоңор.
+8
sabyr86
2016-08-28 12:05:30
кечее кыргыз эли кан жутуп атса,Силер сүйгөн Садыр Жапаров чоң концерт бериптир Москвада.концерт берип эки саат бийликти жамандап,мени шайласаңар жыргайсыңар дебей,ошол жакынын жоготуп сыздап аткан элдерге,өрт болгон жерге барып жок дегенде жылуу сөзүн айтпайт беле.жок ал жерге барбай,3 ырчыны ырдатып ак калпакты кийип койкоюп отурат концертте.
-1
moskoy
2016-08-28 17:08:19
sabyr86,айтпа аны бир айтасынбы эки айтасынбы Садыр сахнага чыгып америка ачкансып эки барак жамандоо созун аран эптеп окуду.Озун пиар кылганы келгени билинип эле турду.Кошоматчылары патриот уул деп болбой калды.
0
naklysA
2016-08-28 12:07:36
Бир кунду жок дегенде,Аза кутуу куну деп белгилебейби,урматтуу президент,мамлекеттик денгээлде...
+4
KGstan1981
2016-08-28 12:24:32
Кана конул айткан тексти жокко мына Мырзакматов конул айтканын текстин окуусак б-т кана Атамбаевтин конул айткан тексти корсоткулочу.
+8
Salman777
2016-08-28 14:22:41
атамбай конул айтканга эле жакшы .. сен жакшы иштесен бул кыздар олмок эмес.. ыр жазган убактынды ушуларга болбойсунбу
+5
Mercedes202
2016-08-28 14:59:11
Эмне эле президентке асыласынар ыя? 10 жылда Акаев менен Бакиевдин былжытып кеткенин оной дейсинерби? Эми кором жаны президентинер Атамбевден начар болуп чыкса отурасынар да ама деп
-6
limuna
2016-08-28 15:00:54
Сен конул айтба сенин конулун отбойт
0
adilet...97
2016-08-28 15:19:13
Кимди айыптап кимге күнөө коюшту да билбей турам. Чындыгында өз жерибизде жакшы маяналуу жумуштар көп болсо мындай каргашалуу окуялар болуп, мекендештерибиздин көз жашы бөлөк жерге акпайт беле, ким билет. Секелек кыздар көр оокат деп, жакшы жашоо үчүн аракет кылып, коз жумушту. Тууган, жакындарына Аллахтан сабр, кайтат тилеп,көнүл айтам. Ушуга окшогон окуялар бийликтегилерди намыстандыраар деп ишенем...
+2
daniar781121
2016-08-28 15:35:55
кудай ай качан егемен олкобуз деп мактана алабыз.мамлекетибиз жыртык жерин качан жамайбыз.
+2
Mers124
2016-08-28 16:05:10
Анан артынан кошо өлсүнбү. Айтса да жаман, айтпаса да жаман.
-1
Belek2070
2016-08-28 16:35:17
Чек Ара жонундо хит ырларды кутобуз сизден башкасынан умут жок уже.
+3
altynaiB
2016-08-28 16:53:27
Конул айтып эле басып журот звезда. Ырдаганды коюп кыргыздын келечегин ойлосо болмок колунан эч нерсе келбеген адам экен. 14адамдын омуру кыйылып атат 4 адам болсо да бир жон элего. Ырда абдан кыйраттын да бир нерсеги.
+1
Almazbek.kg.osh
2016-08-28 18:00:38
Иштеп эмес. Ырдап клип тартып эсте калат го.
+3
bakulya2015
2016-08-28 23:56:44
Кан менен келген бийлик,кан менен аяктайт окшойт. Жакшысы аз гана 1% сый урматтыбыз калганда жакшылыкча иштен кетсе болмок Атамбаев. 80 мекендешибиздин кан тогулушунода ушул бийлик куноолу аны эл баары билет. Жон гана акчалар роль ойногон,анан мурунку бийликке тонкоп коюшту. Мына эми канча аракет кылымыш этседа бирок эл азыркы бийликти колдобойт акча таратып ишке келишкен байкуш элибиз адашып колдоп алыпбыз буйруса аз калды шайлоода болот.шайлоонун эртесида болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан