"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Москвадагы өрттөн каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн партиянын катчылыгы билдирди. Текебаев республика боюнча аза күтүүнү жарыялоону сунуштады.
"Трагедия болду, ал биздин көз алдыбызда болуп өттү. Түз эфирден биздин ыйлаган, жардам сураган кыздарыбызды көрүп, алар менен кошо кейип, өрттөнгөн имараттын ичинде калган кыздарыбыздын аман-эсен куткарылышын Кудайдан тилеп турдук. Тилекке каршы, куткаруучулар үлгүрбөдү. Биздин кайгыбыз алыстан болсо да көрүп туруп, жардам бере албагандыгыбыздан, аргасыздыгыбыздан ого бетер күчөп турат. Жаш кыздардын өмүрү үзүлдү, ар биринин өзүнүн ой-тилеги жана максаты бар эле. Алар "үй-бүлөлүү болсом" деп, үй-бүлөсү барлар "балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнүчүн көрсөк" деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана үйлөнгөнүн көргүсү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп, аларды кубандыргысы келишкен. Бул кадимки эле адамдын тилеги, ар бирибизге түшүнүктүү тилек. Ошондуктан бүтүндөй Кыргыз Республикасынын жарандары бул трагедияны өзүнүкүндөй кабыл алды. Бул трагедия биздин үй-бүлөбүздө болгондой, кызыбыз же карындашыбыз менен эле болгондой болду.
Бул трагедия дагы бир жолу үй-бүлө тиричилигинен баштап, улуттук экономиканын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөргөнүн көргөздү. Биздин мигрант кыздарыбыз, карындаштарыбыз бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, иштеп тапкан акчасын өзүнө коротпой жыйнап, төкпөй-чачпай Кыргыз мамлекетине жөнөтүп, өзүнүн үй-бүлөсүн гана эмес бүтүндөй өлкөбүздүн экономикасын колдоп келе жатышат.
Кыздарыбыздын өлүмү - бул улуттук масштабдагы трагедия. Ошон үчүн биз өкмөткө республика боюнча аза күтүүнү жарыялап, кыздарыбыздын элесин эскерип, акыркы сапарга татыктуу узатып коюуну сунуш кылабыз. Бул трагедиядан өкмөт жыйынтык чыгарсын.
Каза болгон кыздардын ата-энесине, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз эле эмес, бүтүндөй кыргыз эли кабыргасы кайышып, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп турат", - деп айтылат көңүл айтуусунда.