Өлкөдө "Сүйүү, демек, азап тартуу" аттуу тасма жарык көрдү

Өлкөдө кыргыз кызы менен түрк жигиттин ортосундагы сүйүүнү чагылдырган “Сүйүү, демек, азап тартуу” аттуу тасма жарык көрдү. Руслан Машрапов режиссёрлук кылган бул тасмада эки башка улуттагы кыз-жигиттин улуттук айырмачылыктарга карабай бири-бирин сүйүп калуусу, өмүр бою бирге болуп, бактылуу күндөрдү бирге өткөрүү үчүн сүйүшкөндөрдүн башынан өткөн көптөгөн кыйынчылыктары чагылдырылат. Тасмадагы кыргыз кызынын образын модель жана актриса Назира Нуржанова, түрк жигиттин ролун жеке ишкер Эркем Алташ аткарган. Мындан сырткары тасмада актриса Сайра Момунбаева, актёрлор Аскат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев жана башкалар катышкан. Тартуу иштери Кыргызстан менен Түркияда болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан