Өзбектер кармап кеткен 4 жаранды чыгаруу боюнча сүйлөшүүгө кеткендер кечээ, 28-августта жыйынтыгы жок кайтышты. Бул тууралуу Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн, 29-августта SUPER.KG порталына билдирди.
Эске салсак, өзбектер кармап кеткен Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын бири Нурбек Усупбаевдин жубайы Гүлсия Дооронова 27-августта Өзбекстанга кыргыз тараптан кармалган жарандарды коё берүү боюнча сүйлөшүүлөргө 11 адам кеткенин кабарлаган.
"Бул маселе боюнча атайын комиссия түзүлүп, Өзбекстан бийлиги менен сүйлөшүүгө 11 адам кеткен. Алар кечээ, 28-августта кайтышты, бирок эч кандай жыйынтык жок. Аларды жакын да жолотушпаптыр. Эми биздин бийлик качан кыймылдайт билбейм. Өзбектер Үңкүр-Тоону өздөрүнүн жери кылып жарыялашты, эми тосуп алганда кыймылдашабы?.." - деди Озокеев.
Ал эми бул тууралуу Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев өзбек тарап менен кыргыз өкмөтү өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын айтты.
Ошондой эле бүгүн, 29-августта Бишкек сааты боюнча саат 22:00дөрдө дагы сүйлөшүүлөр болорун Гүлсия Доороновага Аксыдагы милиция бөлүмүнөн кабарлашкан.
Эске салсак, Өзбекстандагы Наманган облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүүнү жүргүзүп, Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранын кармап кетишкен. Жердештерибиз 8 күндөн бери мекенине кайтпай, үй-бүлөлөрү кабатыр болушууда.