2012-жылы Кыргызстандагы театрларга баргандардын саны 280 миң адам болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет. Өткөн жылы республика боюнча 22 профессионалдык театр иштеген. Чыгармачыл топтор тарабынан 1600дөн ашуун спектакль коюлган. Ал эми концерттик коллектив 2012-жылы 347 концерт коюшуп, 237 миң адам бул концерттерге күбө болгон.