2012-жылы Кыргызстанда 34 кинотеатр иштеп, кино көрүүчүлөрдүн саны 503 миңден ашуун адамды түзгөн. Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, өткөн жылы 30 миң киносеанс болгон. Алардын 7 миңи кыргызча тасмалар. Ал эми 8 миң кино балдар үчүн көрсөтүлгөн.