Төкмө акын Элмирбек Иманалиев "Кыргыз Республикасынын Эл артисти", ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Бактияр Токторов "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамын алышты

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-августта эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, бир катар белгилүү инсандар Кыргыз мамлекетинин элинин тарыхый жана маданий мурастарын, республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн сыйланышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Даңк медалы менен "Город 312" тобунун солисти Светлана Назаренко, бийчи Атай Өмүрзаков;

"Кыргыз Республикасынын Эл акыны" деген ардактуу наам менен түрк маданиятынын "ТҮРКСОЙ" Эл аралык уюмундагы Кыргыз Республикасынын өкүлү Кожогелди Кулуев, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов;

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген ардактуу наам менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Рысбек Жумакунов, төкмө акын Элмирбек Иманалиев;

"Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам менен ырчылар Мирбек Атабеков, Гүлзада Рыскулова, Гүлнара Тойгонбаева, Бактияр Токторов, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Жеӊишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев;

"Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери" деген ардактуу наам менен режиссёр Темирбек Бирназаров, "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Эльдияр Кененсаров жана башкалар сыйланышты.

Эскерте кетсек, Мирбек Атабеков “Супер-Инфонун” тандоосу боюнча 3 жолу “Жылдын мыкты ырчы мырзасы”, "Заманыбыздын супер ырчысы" наамдарын алган. Ал эми Бактияр Токторов жетектеген "Биз" тобу "Заманыбыздын супер тобу" сыйлыгына ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (137)
Esenali
2016-08-31 12:05:12
Мирбектин эмгеги Чон татыктуу эле
0
anyshka
2016-08-31 12:46:59
Esenali, таанышын болсо танкасын деген чын!
0
admin_portal
2016-08-31 13:32:46
gulzat85, жалан баш тамгалар менен жазууга болбойт!
0
Миргүл Эсеналиева
2016-08-31 15:46:55
Саламатсыздарбы! Биринчиден, баардыныздарды майрамыздар менен куттуктайм! Олкобуздо тынчылык, токчулук болсун, эн негизгиси биримдиктуу эл бололу! Коралбалстыктан алыс бололу!
Экинчисин, бул жердеги комменттерди окуп алып аябай биздин элдин (кээ бир элдин) жан дуйносу карарып баратканы окундурду! Мирбек Атабеков татыктуу эмес деп жазып жатасыздар, менин оюмча сиздер туура эмес ойлоп жатасыздар! Мирбек татыктуу 11 жылдан бери элдин оозунан тушпой, ар бир ыры хитке айланып жургон таланттуу
-1
oilonchu92
2016-08-31 20:51:49
Миргүл Эсеналиева,Миргул кызым....сен Омардын колдоочусу катары билем....ал эми Мирбеке жан тартып жатканын мени окундуруп жатат......Мирбек жакшы ырчы аны танбайбыз.....бирок эртелеп...маданиятка сингени ото начар....маркум Майра Керим кызы...коптогон ырлардын обондун автору...акын эжебиз ала албайт кетти....199 канчанчы жылдан бери айтышып келе жаткан Жнеишбек акын эми жетип олтурат наамга...1993-жылы Женишбек акын айтышып жургондо Мирбек Гулзада чимкиригин тарта албаган балдар болчу.....
+4
Миргүл Эсеналиева
2016-08-31 22:55:24
oilonchu92, кечиресиз мен бул жакта айтканымдын себеби, Мирбек татыктуу бала, болгону ошол. Эгер 4-5 ыры бар ырчы алса анда тушунмокмун ушундай негативный комменттер кетсе. Бирок, эмнеге жаштарды колдогунар келбейт - мына ошол нерсе кичине окундурот. Улуу муундагы эже байкелерибиз бар алар да алышсын, мен ага туз коз караштамын. Ошондой Эле жаш таланттарга да стимул керек Деп ойлойм!
-3
Миргүл Эсеналиева
2016-08-31 15:53:20
... жигит! Элге эмгеги синген!Же эмне, элге эмгеги синиш учун созсуз турдо картайганга чейин ырдап анан"эмгек синирген" наам алыш керекпи?!Мен бул нерсеге кошулбайм! Ар бириниздер бул жерде Мирбек татыктуу эмес деп жазып алып, тан калбайм, эгер машинанызда Мирбектин ырын жыргап ырына кошулуп ырдап журсонор)!Келгиле туугандар, короалбастыкты токтотолу!Мирбек ар бир ырын сиздердин журогунуздордун тубунон орун алсын деп чын дилинен чыгарып тартуулап журот!Биримдиктуу болуп, бири-бирибизди
0
Миргүл Эсеналиева
2016-08-31 15:54:09
Колдойлу!!!
-1
aydinnur
2016-08-31 17:22:52
Мирбекке берилгени бул Култаевдин чуркаганы экени көрүнүп турат(((( бул бала элдин эсинде калгандай эмгек кыла элек(((колдогондор өзүңөрдүн эсиңерде калбаса керек ырларынан 1-2 куплет)))а маек бергендери((аман болсун..тилибизге боорум ооруйт да,көчө сөздөрү"жаргондор"....
0
Izdeim_seni.
2016-08-31 17:54:12
Ушу инсандар маданият тармагында иштешкени менен ото эле маданиятсыз
0
tynchtyk93
2016-08-31 20:31:27
Элмирбек Иманалиев м.н Бактияр Токторовго эн туура берилген ал эми Гулзада м.н Атабековдун бирда ыры телефонумда жок себеби уккумда келбейт!!!
+3
jergetal
2016-08-31 23:53:53
tynchtyk93, Сен кыйынсында эми
-1
admin_portal
2016-09-01 12:44:18
frunze777, Nurdash, Sharos3, жеке билдирүүлөр купуяга!
-1
Neo
2016-09-01 17:58:16
Гулзада Рыскулова менен Мирбек Атабековго наам беруу али эрте болчу. 30 жылдан бери сахнадан тушпой, элге жагымдуу обондорду жараткан обончулар, ырчылар толтура. Аларга эмне учун ушул кезге чейин эч болбосо маданияттын мыкты кызматкери наамын берип коюшкан жок.
+1
Neo
2016-09-01 17:59:11
Бул жерде коррупция ачык эле жыттанып турат
+1
Neo
2016-09-01 18:00:01
Кайран эл кайда барабыз............
0
Neo
2016-09-01 18:08:11
Өттү кундөр кубалашкан көпөлөк,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Ээрчип кеттин,кара тору бир кызды.

Ушул ырдын автору Маметибраим Бостонкулов азыр 60 жаштан отту, бир дагы наамы жок, эч болбосо маданияттын мыкты кызматкери наамын берип коюшкан эмес.
0
Lazat
2016-09-02 14:05:24
Сыйлыгыныздар кут болсун. Бирок, Мирбек Атабековго сыйлык ото эле эрте берилди. Дагы да эмгектениш керек. Маркум Гулзат Батырканова эч бир наам албай кете берди. Жок дегенде эми деле берсе уй-булосу, апасы Шахра Талипова суйунуп калмак.
+1
Chupa
2016-09-04 02:26:38
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышын көрсөңөр керек. Гүлзада Рыскулова элдик ырларды сонун аткарды. Силер мактаган Бактияр Токторов көрүнбөйт да. Келсе деле эл алдына пуй пуй деп ырдап чыкса уят эле кылмак. Бир нерсени эске алуу керек, наам дегенди иштеген убакытка карап бербей, ишинин сапатына, эмгегине жараша бааланышы керек. Кечирип койгула жаман айтайын деген ниетим жок эле, Бактияр Токторов алсын дагы Атабеков албасын деген көрөалбастар, чактап ич тарлык кылсаңар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан