Бүгүн, 30-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы. Бүгүн алар “Баш мыйзамга 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт” деген билдирүү таратышты. Бул кайрылууга 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаева, төрайымдын конституциялык реформа боюнча орун басары Өмүрбек Текебаев, сот жана прокуратура боюнча орун басары Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана аталган өкмөттүн аппаратынын башчысы Эмилбек Каптагаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ошол кезде УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ал кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Элмира Ибраимова, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана ошол учурдагы ички иштер министри Болот Шер кол койгон. Буга чейин Конституцияны шашылыш өзгөртүүгө каршы чыгып жаткан Темир Сариев кол койгондордун арасында көрүнбөйт. “Азыркы Конституция мурдагы бийлик түзүмү айыгышкан каршылык көрсөтүп, ок атылып, элдин бейпилдиги бузулуп турган учурда кабыл алынган. Учурдагы Баш мыйзам тоталитардык кол салуудан жакшыраак корголгон. Ал бийликти жеке басып алууну каалаган адамдарга жол бербейт, тоскоолдук кылат. Ошондуктан биз Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз”, - деп жазылат кайрылууда. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүдөн баш тартууга жана өлкөдө авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырат.
Кечээ президент спикер жана 5 фракциянын лидерлери менен жолугушуу өткөргөн эле. Ага “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев чакырылган эмес. Баш мыйзамды өзгөртүүнү талкуулагандардын арасынан Алмазбек Атамбаев менен КСДПнын лидери Иса Өмүркулов гана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон. Калгандарына келсек, алар Апрель окуясынын алдында камакка алынган эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыяктуу бакиевдик режимдин куугунтугун көрүшкөн эмес. Апрель революциясынын башында турган топ ошентип эң принципиалдуу, маанилүү иште эки ажырым жолго түштү. Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети кооптуу нукка бурулду.
Бул аралыкта бүгүн Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркинбек Алымбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ал 2014-жылы “Кумтөр” маселеси боюнча өкмөттүн ишине нааразычылык көрсөтүп мандатын тапшырып, депутаттыктан баш тартканы менен элдин эсинде калган. Бул инсан дагы Баш мыйзамды коргоочулардын катарында эле. Фейсбук баракчасына калтырган акыркы билдирүүсүндө ал мындай деген: "Тилекке каршы, биздин жакынкы тарыхыбыз, эки качкын президенттин тагдыры эч сабак болбойт экен. Конституцияны өзгөртүп, ансыз деле ар кандай түрдө карама-каршы болуп турган кыргыз коомундагы татаалдыктарды ырбатпай, иштеп жаткан Конституцияны, мыйзамдарды так сактап, укуктук-мыйзамдуулук системин бекемдеп, кыргыз коомун биримдикке чакыруу - күн тартибиндеги негизги маселе"...
Ислам Каримов каза тапты, жок, ал тирүү... Бүгүн Борбор Азия ЖМКларында көп жазылып, көп талкууга алынган маалымат ушул болду. Эске салсак, кечээ кызы Лола Каримова-Тилляева 27-августта атасы Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, инсульт алганын жана жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын жазган. Өзбек басылмалары 78 жашка келип калган башчысын өткөн чакта жазып жатканы да көңүл бурдурбай койбойт. Атүгүл интернетте “Өзбекстан 1-сентябрда эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилебей да калышы мүмкүн, анын ордуна аза күтүү күнү жарыяланышы ыктымал” деген маалыматтар жазылууда. BBC кызматы өз булактарына таянуу менен "аталган өлкөдө Эгемендүүлүк күнүнө карата расмий иш-чаралар өтпөй турган болду" деп жазып чыкты. Өзбекстандын президентинин чын эле каза тапканы расмий түрдө тастыкталбаганына карабай Каримовдун таажысына жаңы кожоюн болчу талапкерлердин ысымдары атала баштады. Коңшу Өзбекстанда Ислам Каримовдон кийинки эле таасирдүү фигура – Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов. Бирок ал эмес, башка 2 адамдын бири өлкө башына келиши жоромолдонуп жатат. Биринчиси – 2003-жылдан бери өкмөттү башкарып келе жаткан Шавкат Мирзяев. Экинчиси – азыркы өкмөт башчынын биринчи орун басары жана финансы министри Рустам Азимов. Аталган адам тууралуу "кечээ камакка алынды" деген маалыматтар бүгүн жокко чыгарылды. Мындай кабарлар жөн жерден чыкпай турганы түшүнүктүү. Өзбекстанда азыр такка болгон күрөш кызуу жүрүп жаткан көрүнөт. Мыйзамга ылайык, эгерде президент ооруп же кайтыш болуп кетсе, анда президенттин милдетин убактылуу аткаруу жүгү парламенттин Жогорку палатасынын спикерине жүктөлөт жана 3 айдан кийин президенттик шайлоо өтүшү керек. Спикер Нигматилла Юлдашевдин ысымы лидерликке талапкерлердин арасында айтылган жок...
Бишкекте жан кечти Кытай элчилигинин дарбазасын унаасы менен катуу ылдамдыкта сүзүп кирип, жарылып кетти. Жардыруунун күчүн ушундан билүүгө болот: жан кечтиден да, унаадан да эч нерсе калган эмес. Элчиликтин 3 кызматкери жардыруудан жеңил жаракат алып, УКМК террорчулук боюнча кылмыш ишин козгоду. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги кыргыз тараптан кытай жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууну жана жардырууга байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн керектүү чараларды көрүүнү талап кылды. Мындай окуя дүйнөлүк масштабда жаңылык жаратпай калса да, борбордун тургундарын, айрыкча эртең Кыргыз мамлекетинин 25 жылдык эгемендүүлүгүн белгилейбиз, келерки жумада Бүткүл дүйнөлүк 2-көчмөндөр оюнун өткөрөбүз деп турган өлкө жетекчилигин дүрбөлөңгө салды. Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеп жаткан жеринен кармап кетишкен 4 кыргыз жараны кайтарыла элек, Москвада өрттөн кайтыш болгон 14 кыргыз кыз-келиндердин сөөгү кечээ алып келинип, учурда аймактарда жерге берилүүдө, бүгүн жан кечти элчиликте жардырууну ишке ашырды. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү эртең Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата пландалган парад өтөт деп билдиришти. Демек, УКМК менен ИИМ жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун эң жогорку деңгээлинде иш алып баруусу зарыл...