Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун өлүмү тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттик аппаратта иштеген булактарга таянып чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга ылайык, Каримов учурда ооруканада жатат, анын абалы туруктуу.
Айта кетсек, 27-августта Өзбекстандын 78 жаштагы президенти Ислам Каримов ооруканага жаткырылганы белгилүү болгон. Өкмөттөгү булактарына таянып өзбек оппозициясы: "Каримов Дурмень резиденциясында өткөн кечеде аракты көп ичип алгандыктан, эс-учун жоготуп жыгылып кеткен. Дарыгерлер президенттин абалы оор дешүүдө. Эгер Каримов 5 күн жашай алса, анда сакайып кете алат", - деп жазган. Кечээ, 29-августта "Фергананьюс" басылмасы өзбек лидеринин өлүмү тууралуу жазып чыккан. Бирок Өзбекстандын бийлиги бул тууралуу "Каримов өлгөн эмес, анын абалы туруктуу" деп билдирген.
Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда Самаркандда төрөлгөн. 1960-жылы Орто Азия политехникалык институтун аяктаган. 1990-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланып, бүгүнкү күнгө чейин бул кызматты ээлеп келет.