Экотехинспекция Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду пайдаланууга уруксат берди

Чолпон-Ата шаарындагы ипподром бардык техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын курулушу толугу менен аяктап, аталган инспекциянын кызматкерлери тарабынан текшерүүгө алынган. Анын жыйынтыгында экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптары канааттандырарлык деп табылып, пайдаланууга уруксат берилди.

Ат майдан 7 ай аралыгында курулуп бүттү. Кыска мөөнөт ичинде курулса да, бардык техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет. Учурда ат майдан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө толугу менен даяр”, - деп билдиришти Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuyoo_bala
2016-09-01 15:59:57
Баракелде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан