Москвада айтылуу советтик сүрөтчү Борис Безиковичтин Кыргызстанды даңазалаган көргөзмөсү ачылды

Кечээ Москва шаарында кыргыздын табигый сулуулуктары, маданият ишмерлери чагылдырылган "Экинчи ирет төрөлүү" сүрөт көргөзмөсү ачылды. Андагы сүрөттөр айтылуу советтик сүрөтчү Борис Безиковичке таандык. Айта кетсек, Б.Безикович кезинде "вангогчулукта" айыпталып, Москва Сүрөтчүлөр союзунун катарынан чыгарылган. Натыйжада ал Кыргызстанга баса берген. Жогоруда аталган көргөзмөдө анын дал ошол жылдары кыргыз жеринде чыгармачылык менен алектенип жүрүп жараткан мыкты эмгектери элдин назарына тартууланып отурат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан