Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конду

Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы конгонун SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди. Анын айтымында, тик учак бүгүн эртең менен Үңкүр-Тоого келип конуп, 5-10 мүнөттөн кийин кайра учуп кеткен. Ал эми өлкөдөгү айрым маалымат агенттиктери Үңкүр-Тоого эки тик учак конгонун жана бири кайра учуп кеткенин жазышууда.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы, Аксы райондук ички иштер бөлүмү эч кандай маалымат берише элек.

Айта кетсек, 22-август күнү Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстандын тик учагы келип конуп, 7 милиция кызматкерин таштаган. Кийин Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук Ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген.

Үӊкүр-Тоого эки учак келип конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
talant87
2016-09-02 11:09:45
биздикилер барбы жокпу админ билип бергилечи сураныч ункур тоодо
+8
Sharos3
2016-09-02 11:13:33
talant87,
Дагы эмне болуп кетээр экен
-2
AIZAD
2016-09-02 12:01:38
Sharos3,таба кылбай, тобо кыл!
-1
Sharos3
2016-09-02 12:27:54
AIZAD,
Табаа эмес жиним келип атат чондорго.
Тушунбой - баса бергиле.
Барымтадагы 4 адамды унутуп 12 кунго тараганы эмнеси
+2
bekhaliev
2016-09-02 11:13:18
talant87 Биздикилер колдо кочмондор оюнуна кеткен тамаша кылганы
+11
rukopashnik
2016-09-02 11:18:15
өзбектер бир нерсени көргөнү калдыда акыркы убактарда,дадаңар өлдү эми,Үңкүр тоо эмес өзүңөрдүн жериңерди сактап калганга аракет кылгыла.
+22
tatynam_88
2016-09-02 11:19:04
Качаан бироо келип талашса меники деп чыгышпаса,булар эс алып,майрамдап журот.зынкыйтып коргоочуларды тизип коюп кетпейби.оздору соз менен коргой албайт экен.эртенки келечекти бир учун да элестетиш кыйын болду го кыргыз га.эгер озбекистанда кочмондор оюну пландалганда ,озбекистан границаларын чычкан откус кылып чегарачыларын кун мурунтан тизип алат эле.мына биздин бийликтин максаты,ичмей,жемей,оюн-кулку....кетсе кетип жоголушпайт,бири бирин чукушпай.
+7
Pandora
2016-09-02 11:35:32
Ооо биздин жогорудагылардан ун чыгабы? Же жалан элдин унубу? Оз жерин басып жатса да алардын эси креслодо.Адамдын ичин бук кылат да.
+3
Arslan12
2016-09-02 11:52:19
Ойчул ойлонгончо тойчу тойлоп кетиптир, ойлонуп отура бергиле алар тойлоп журот басып алдык деп эми туусун сайса керек!!!!!
+1
Sultanim
2016-09-02 12:12:58
Аллахым! Ушул биздин бийликке сенден корккон,билими да илими да кучтуу такыба,кыргыз дегенде жанын,малын ойлобогон эр журокторду жибере кор! Алсыз бийликти коруп кабырган кайышат!..
+3
Artyr1994
2016-09-02 12:56:21
Урматтуу АША Бакиев убагында уккан эмесбиз чек ара чыры боюнча. Чек араны чечкиле же кеткиле!!! Эл тажады уже силердин бийлигинерден!!!
+1
konfetka.medik
2016-09-02 13:02:55
Эй кандай немесинер конду учту деп мактандай ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2016-09-02 13:44:57
konfetka.medik, провокацияга жол жок!
0
MES
2016-09-02 14:30:26
Эмне алар тажияга барбай эмне кылып жүрүшөт?
Биздикилерге той керек экенда аларга жер керек экенда а?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан